Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 17-4/2
«Баш-Кууганды айыл аймагындагы «Кашка-Кыя” участогунан “Тумшук” учатогуна чейинки ички чарбалык жол тилкесине Алышукуров Жолдошбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Баш-Кууганды айыл аймагынын тургундарынын Баш-Кууганды айыл аймагындагы «Кашка-Кыя” участогунан “Тумшук” учатогуна чейинки ички чарбалык жол тилкесине Алышукуров Жолдошбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана ДЭП № 24 ишканасынын катынын негизинде Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVII чакырылыштагы кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Баш-Кууганды айыл аймагындагы «Кашка-Кыя” участогунан “Тумшук” учатогуна чейинки ички чарбалык жол “Алышукуров Жолдошбек” атындагы жол кесими деп аталсын.
2. Бул жол кесимин ремонттон өткөрүп туруу жагы Алышукуров Жолдошбекке милдеттендирилсин жана бул милдет аткарылбаган учурда бул токтом өз күчүн жоготоору эскертилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыша көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Ботокановага милдеттендирилсин.
Каттоо номери 11
Төрага | К. Ажыгулов |