БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XVI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 5-апрели № 17-5/2
«Баш-Кууганды айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого» ылайык Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVI чакырылыштагы сессиясы
токтом кылат:
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын капчыгайында жайгашкан «Киндик-Дөбө» участкасынын № 478, № 474 № 473 контурлары кирген жалпы аянты 5,2 га болгон жайыт катары пайдаланууда таштак асылдуулугу томон жер тилкесин суу турбаларын алып отуу учун талаа станына пайдаланып келген имараттын ордун чакан ГЭС куруу максатында суу фондусунун жерине которууга макулдук берилсин.
Баш-Кууганды айыл аймагына тиешелүү 5,6 га жер жайыт жери категориясынан суу фондусунун жерлерине которуу (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин чакан ГЭСтерди, анан гидротехникалык, энергетикалык курулмаларын куру үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомуна узак мөөнөткө келишимдин негизинде бекитилип берилсин.
Жумгал райондук жергетжайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн чыгым жоготуулары, коротулган пайда үчүн төлөмдөрү «ДАТТ Энерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунан толук өндүрүлгөндөн кийин райондук жер-кадастрдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын капчыгайында жайгашкан «Киндик-Дөбө» участкасынын № 478, № 474, № 473 контурлары кирген жалпы аянты 5,6 га болгон жайыт фондусуна караштуу жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куру максатында суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул жерлерди трансформациялоо маселесин киргизүү суралсын.
Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
Каттоо номери ______________
Төрага | К. Ажыгулов |