Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 4
«Кызыл-Туу айылынын «Сезимтал» бала-бакчасынынын атын өзгөртүп Мамбетакунов Белектин наамын берүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айылынын Сезимтал бала-бакчасынын атын өзгөртүп Мамбетакунов Белектин наамын берүү тууралуу талкуулап чыгып айыл аймагынын
айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын «Сезимтал» бала-бакчасынын аты өзгөртүлүп Мамбетакунов Белектин наамы ыйгарылып, Кара-Коюн айыл аймагынын «Мамбетакунов Белек» атындагы бала-бакчасы аталсын.
2. «Сезимтал» бала-бакчасынын печать, күбөлүктөрү жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |