Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 6\3
“Он-Арча айыл аймактык айыл өкмөтүнүн муниципалдык “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү ишканасын түзүүгө уруксаат берүү жана Жобосун бекитип берүү жөнүндө”
Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кароосуна Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын түзүү, алардын Жобосун бекитип берүү боюнча сунуш кат менен кайрылган.
Сунуш кат айыл аймагынын Кеңешинин алдындагы “Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, 1 отурумда талкууланып, отурумда депутаттар жогорудагы маселени Он-Арча айыл аймагынын Кеңешинин кезексиз сессиясынын күн тартибине киргизүү менен депутаттардын талкуусуна сунушташкан. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципиалдык менчик ишканасын түзүү жана алардын Жобосун бекитип берүү боюнча Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевдин сунушун угуп, талкуулап депутаттардын XXVII чакырылышынын Он-Арча айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы
токтом кылат:
1. Он-Арча айыл аймактык айыл өкмөтүнүн “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык менчик ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин алдындагы “Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Босунов |