Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 6/24
“Жыл башындагы бекитилген акча каражатын статьядан статьяга которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-март 2017-жылдагы кезектеги V сессиясында бош калган каражаттан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерине технический паспорт алууга каралган акча каражатынан, энелер күнүнө 4,0 сом, милиция күнүнө 3,0 сом баары 7,0 сом которуп берүү жана бюджеттин эсебинен Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине инвентарь алууга каралган акча каражаттан айылга көпүрө салууга каражат алууга 20,0 сом, Шамен орто мектебинин ар кандай чыгымына каралган акча каражатынан 30,0 сом, ремонтко каралган акча каражатынан 25,0 сом баардыгы 55,0 сомду Шамен орто мектебине инвентар алууга 35,0 сомун, Сары-Булак айылдык китепканасынын айланасын тосууга каражат алууга 20,0 сомун которуп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы
Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.Бош калган каражат боюнча:
1) 2215 -аппараттын ар кандай чыгымдар статьясынан, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерине технический паспорт алууга каралган акча каражатынан 7,0 миң сомду, 2215 аппараттын ар кандай чыгымдар статьясына энелер күнүнө 4,0 миң сом, милиция күнүнө 3,0 миң сом, баардыгы 7,0 миң сом которулсун.
2.Бюджеттик эсеп боюнча:
1) 3112- Ү.Бейшеев орто мектебинин инвентар алуу статьясына каралган акча каражатынан 20,0 миң сомду, 3112 аппараттын инвентар алуу статьясына айылга көпүрө салууга каражат алууга 20,0 миң сом которулуп берилсин.
2) 2215- Шамен орто мектебинин ар кандай чыгымдар статьясынан 30,0 миң сомду жана 2221 Шамен орто мектебинин ремонт чыгымдар статьясынан 25,0 миң сомду баардыгы 55,0 миң сомду, 3112 Шамен орто мектебинин инвентар алуу статьясына 35,0 миң сом, 3112- Сары-Булак айылдык китепканасынын инвентар алуу статьясына 20,0 миң сом баардыгы 55,0 миң сом которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ч.Ү. Кыдыралиев. |