Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 6/25
“Ак-Таш участогунан «Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунун жер берүү жөнүндө катын кароо”
«Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси К. Сапаевдин Ак-Таш мрамор карьеринен азыркы учурда иштетип жаткан карьерге улай 0,82 га жер тилкесин кийинки иштерди кеңейтип жакшылап иштеш үчүн мыйзамдаштырып берүү жөнүндө 2017-жылдын 7-мартындагы № 6 каты жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.«Доломит», «Ак-Таш-Дордой» жоопкерчилиги чектелген ишканалары бүгүнкү күнгө чейин айыл өкмөтүнө кандай жардамдарды бергендиги жана мындан ары айыл өкмөтүнө кандай жардам көрсөтө тургандыгы жөнүндө айылдык кеңештин сессиясына маалымат беришсин.
2. «Доломит», «Ак-Таш-Дордой» жоопкерчилиги чектелген ишканаларынын айыл өкмөтүнө төлөп жаткан салыктын түрлөрүн мыйзам чегинде карап чыгып кийинки айылдык кеңештин сессиясына маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго милдеттендирилсин.
3.Ак-Кыя айылына салык посттун мыйзам чегинде Кочкор райондук салык башкармалыгы менен макулдашып уюштуруу менен тартылып жаткан мрамордун
1 айлык көлөмүн эсептеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси А. Майлыбашовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ч.Ү. Кыдыралиев |