Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 7/26
“Калктын саламаттыгын сактоодо К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын маалыматын угуу жөнүндө”
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя
айылындагы К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Айманованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
2. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя
айылындагы К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Айманованын отчётту канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Аймановга айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык ооруулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу. |