Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 7/29
“№ 14 жол тейлөө ишканасынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө”
Сары-Булак айылындагы № 14 жол тейлөө ишканасынын 2016-2017-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө ишкананын начальниги К. Бердибековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. № 14 жол тейлөө ишканасынын начальниги К. Бердибековдун 2016-2017-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө отчётту канааттандыраарылык деп табылсын.
2. Айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы ишкананын начальниги К. Бердибековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу. |