Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 7/31
“Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-март 2017-жылдагы кезектеги V сессиясында бюджеттин эсебинен Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине инвентарь алууга каралган 130,0 миң сом акча каражаттын мектептин айланасын тосууга каражат алууга которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. 3112- Ү.Бейшеев орто мектеби -инвентар алууга каралган 130,0 миң сомду мектептин айланасын тосууга каражат алууга которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |