Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 8/33
“Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак- жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Ак-Кыя айылынын Коргондуу-Булак учаскасынын жашоочусу Ш.Эрмековдун сарайынын жанынан сураган жер аянты жалпы элдик жыйында каралып чечилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |