Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22- январы № 46
“Оргочор айыл аймагындагы мекеме, уюмдардан, дукондордон, ар бир тутундон таштандыларды ташып чыгарууга жыйымдын баасын бекитүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Т.Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 27-чакырылыш 20- сессиясы
токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын 1994- жылдын 14- апрелиндеги № 1480-ХII салыктык эмес толомдор мыйзамынын 12-1-беренелерине ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тартып, Оргочор айыл аймагы боюнча таштандыларды ташып чыгарууга жыйындын баасы төмөнкүдөй баада бекитилсин:
- жеке тарап түтүн ээлерине 98 сомдон белгиленсин:
- юридикалык тарап катары (мектеп, почта,таза суу, СПА, ГПЗ Оргочор айыл өкмөтүндө) иштегн адамдардын санына жараша алынуучу жыйым салыгы толоодон бошотулсун.
- юридикалык тарап катары соода туйундорундо, “ Марко-Поло”, Газпром, автобаза ишканасында жана коммерциялык структураларда иштеген адамдардын санына жараша 100 сомдон алынат.
2. Жыйымды чогултуу мөөнөтү 2018-жыл 1-апрелге чейин белгиленсин.
3.Таштандыларды чыгарууга жыйым төлөмүн өз убагында чогултуу,ар бир айылдын айыл башчылар К.Уркунов,Н.Усеев,С.Касмалиевге он башчылары менен бирге иш алып баруу жана түздөн түз айыл башчылар жоопту болуп алган, кириш ордери менен чогултуу банкка төгүү жагы милдеттендирилсин.
Аыйл өкмөтүнүн киреше боюнча иш алып баруучу адиси: Т.Усубакуновго жана Р.Баямановага бет эсептерине убагында түшүрүп тактап, айыл башчылар менен бирдикте, мөөнөтүндө бүткөрүү 2018-жылдын 1-апрель айына бекитилсин. Чогулган акча-каражатын туура пайдалануу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына Ч.Казиевага милдеттендирилсин.
4.Таштандыларга чыгарууга салык төлөмү боюнча жеңилдик баатыр энелерге жана жалгыз бой түтүн болуп, камтылган жана тышкаркы жүргөн үйүндө эч ким жашабаган бирок түтүн бөлүп камтылган үй ээлерине берилсин.
5.Газетке жарыялоо, юстиция башкармалыгына катоо жагы жоопту катчыга милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Усеналиевге тапшырылсын
Төрага | С.Асаналиев |