Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/8
“Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2016-жылдын 30-сентябрындагы, №27-10/7 "Каракол шаарынын жеке ветеринардык кызматтардын, кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө»
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 8-ноябрындагы, кир.№01-7/526 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
Каракол шаарында менчик ветеринардык врачтар, малды дарылоо боюнча көрсөткөн акылуу кызматынын бааларына, 3.4 пункту менен, "Малдарды идентификациялоого бирка басуу үчүн, жеке ветеринар жасаган жумушуна" төмөнкү тарифтер киргизилсин:
КММ-10 сом;
Белгилөө – 8 сом;
Бирка тагуу – 12 сом;
Баардыгы: 30 сом.
Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А. Ж. Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |