Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/9
«Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы, №27-11/1 "Каракол шаарын 2016-2020-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы" жөнүндөгү токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/622, Каракол шаарын 2016-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясына толуктоолорду киргизүү керектиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши мурда бекиткен, 2016-жылдын 1-декабрындагы, № 27-11/1 "Каракол шаарын 2016-2020-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы" жөнүндөгү токтомуна толуктоолор киргизилсин (тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |