Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/10
“Каракол шаарындагы жер тилкелерине курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М.Ш.Токоевдин, 2017-жылдын 5-июлундагы, кир.№01-7/341 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсине, 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарындагы, Карасаев атн.көчөсүндөгү – 30га, Масалиев жана Ипподромная атн.көчөлөрүндөгү - 14га, Элебаев жана Карасаев атн.көчөлөрүндөгү – 12га жер тилкелерине курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), жер тилкелеринин курулуш долбоорлоруна каралган акча каражаты 2017-жылдын аягына чейин колдонулбай калса, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен колдонулбай калган акча каражатын эсебинен карасын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
1. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |