Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/17
"№4 жалпы билим берүү мектебине аралаш спорт аянтчасын куруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүүнү, Каракол шаарынын 2018-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жөнүндө”
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын, 12-декабрындагы, кир.№01-7/584 маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 836 127 (сегиз жүз отуз алты миң жүз жыйырма жети) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, "№4 жалпы билим берүү мектебине аралаш спорт аянтчасын куруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга, Каракол шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбооруна киргизүүнү камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |