Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/19
“Каракол шаарынын мэриясынын ММБДне мурда бөлүнгөн акча каражатты, чарбалык эсептеги "Каракол көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинаты" муниципалдык ишканасына, өткөрүп берүү жөнүндө”
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын, 18-декабрындагы, кир.№01-7/603 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДне аэросъемкага деп мурда бөлүнгөн акча каражаттарды, ККСТК МИне, Каракол шаарынын көчөлөрүн жарыктандырууга өткөрсүн.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |