Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/20
“Каракол шаарынын МАБнын акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын, 27-ноябрындагы, кир.№01-7/552 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын МАБнун бухгалтерине, МАБдын, 16 000 (он алты миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2231 беренесинен (коммуналдык төлөмдөр), 2215-беренесине (башка кызматтар) которууга уруксат берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |