Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/21
“Ысык-Көл райондор аралык сотунун 2017-жылдын 29-сентябрындагы ЭД-48/16-МИ чечимдерин аткаруу жөнүндө”
Каракол шаарынын мэри Д.К. Арпачиевдин, 2017-жылдын, 12-декабрындагы, кир. №01-7/589 катын карап жана талкуулап Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, 817 778 (сегиз жүз он жети миң жети жүз жетимиш сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ЖЧМИге төлөп берүү үчүн жана 81 777 (сексен бир миң жети жүз жетимиш жети) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, мамлекеттик алым үчүн төлөөгө, "Жашылдандыруу чарбасы" МИнин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |