Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-3
“Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө”
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Президентикке талапкерлердин ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Президентикке талапкерлердин ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысы, түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |