Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-5
«Ноокат шаарынын аймагындагы Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Б.Абдраимов жана Жамий атындагы көчөлөрүнө бир тараптуу автоуна жүрүүчү каттамды өзгөртүү үчүн 2 даана жол белгисин жасатып орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 6 000 (алты миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |