Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-6
“Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин акча каражатын 709-бөлүмүнөн 3112-беренесине өткөрүп берүүга макулдук берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилген 300 000 сом акча каражатын 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен Крупская атындагы орто мектебине ажыратылып берилген 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты, 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |