Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30- августу № VI-7
“Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин акча каражатын 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин эсебинен У.Салиева атындагы балдар бакчасына ажыратылып берилген 192 100 (бир жүз токсон эки миң бир жүз) сом акча каражатын 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин атайын каражатынын 709-бөлүмүнүн 2222-беренесинин эсебинен У.Салиева атындагы балдар бакчасына ажыратылып берилген 192 100 (бир жүз токсон эки миң бир жүз) сом акча каражаты, 709-бөлүмдүн 3112- беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |