Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-8
”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК “Ноокат Коммунальщик” ишканасына которууга макулдук берүү жөнүндө.
”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК “Ноокат Коммунальщик” ишканасына которууга макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасы убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу 2017-жылга бөлүнгөн сметанын негизинде каралган акча каражатын АТАК “Ноокат Коммунальщик” ишканасына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |