Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-9
«Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө 1.14.1 жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөргө 1.14.1 жол белгиси, термопласт зебра чийүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 90 919 ( токсон миң тогуз жүз он тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |