Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-10
«Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин ремонттоого жана №4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин ремонттоо жана №4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен:
-А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ремонттоо үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом;
-Х.Самиев атындагы орто мектебинин ремонттоо үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом;
-№4 Кара-Турпак балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2016-жылдагы иш сапардык чыгымдары үчүн 9 400 (тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |