Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-11
“Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрүндө арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы Ош жана С.Калбеков атындагы көчөлөрүндөгү арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Ош көчөсүндөгү арыктардан жолго суу ташып жаткандыктан темир жана темир бетон труба орнотуу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миё) сом, С.Калбеков атындагы көчөсүнө 50 000 (элүү миё) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 29-августуна чейин үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |