Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/22
“Бюджеттик мекемелердин жылуулук энергиясы боюнча эсептешүүлөрүн жүргүзүүлөрү үчүн, 2231 "коммуналдык кызматтар" беренеси боюнча ассигнованиелерди көбөйтүү жөнүндө”
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын 26-декабрындагы, чыг.№02-38/427 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), бюджеттик мекемелердин жылуулук энергиясы боюнча эсептешүүлөрүн жүргүзүүлөрү үчүн, бала-бакча куруудан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен, 1615,3 (бир миллион алты жүз он беш миң үз жүз) сомду, 2231 "коммуналдык кызматтар" беренеси боюнча ассигнованиелерди көбөйтсүн.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |