Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/23
"Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө”
"Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгарууга берилген, талапкерлердин материалдарын талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1."Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн, Осмоналиев Догдубай Осмоналиевичке берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жана Каракол шаарынын мэриясы, аракеттеги Жобого ылайык, "Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамын Осмоналиев Догдурбай Осмоналиевичке ыйгаруу боюнча, бирдиктүү токтом кабыл алышсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |