Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 29
«Жарандардын огородуна ичкен суу киргизүү жөнүндө»
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча А.К Бараканованын билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
Токтом кылат
1. Жарандардын борбордук суу түтүгүнөн алып огородуна суу киргизүү акысы 1000 сомдон белгиленип, Жаркаква ишканасынын счетуна төгүлүп, квитанция кесилип берилсин. Казуу иштери,түтүк,крайник алуу ээсинин өз эсебинен болсун.
2. Огородунда суусу бар жарандарга маал-маалы менен суусун токтотуп туруусун эскертүү жана графигин белгилеп чыгуу жагы Жаркаква ишканасына тапшырылсын.
3. Кароосуз үйлөрдүн суу түтүгүнөн токтоосуз аккан суулар жөнүндө ээсине эскертилип,ага болбосо суу түтүгү кесилсин.
4. Борбордук суу түтүгүнүн үстүнө алма бак отургузуп,курчап алган жарандарга Жаркаква ишканасы жана айыл өкмөтү тарабынан сүйлөшүү жүргүзүлсүн,ага болбосо иши аксакалдар сотуна кароого жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.К Баракановага милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы,соц блок жана жаштар иштери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
7.Токтом райондук ММКна жарыялансын, Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т Исмаилов |