Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 30
Таштанды төгүүчү жайга таштанды төгүүнү иретке келтирүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча А.К Бараканованын билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуш пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Таштанды төгүлүүчү жайды иретке келтирүү иш чараларын жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн:
Бараканова А төрагасы,Тазалык ишканасынын жетекчиси
Асылбаев Э катчысы,өзгөчө кырдаалдар адиси
мүчөлөрү:
Айтбаев Ж депутат
Жумабаев М жер иштери ж/а айыл чарбасы боюнча адиси
Өмүрмолдоев Б. депутат
2.Таштанды төгүлүүчү жайга иретсиз таштандыларды төккөндөргө(өзгөчө автоунаа ээлерине) жогорудагы комиссиянын түзүлгөн актысынын негизинде айып салуу 2000 сомдон белгиленсин.
3.Айып пулу Жаркаква ишканасынын счетуна төгүлүп квитанция кесилип берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.К Баракановага милдеттендирилсин.
5.Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т Исмаилов. |