Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 31
Борбордук көчөлөрдүн жарыгынын электроэнергиясынын чыгымын төлөө жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы күн тартибине коюлган маселеси боюнча өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Э.Б Асылбаевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып талкуулап,айтылган сунуш.пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Борбордук көчөнүн электр жарыгынын акысын ар бир жарык кылынган столбанын жанындагы үй ээси ай сайын төлөп турсун.
2. Жарык орнотулган столбанын жанындагы киши жашабаган үйлөр үчүн энергия акысын,ошол көчөдө жашаган демөөрчүлөр төлөшсүн.
3. Демөөрчүлөрдү таап,энергия акысын төлөп туруу боюнча алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагы өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Э Асылбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өзгөчө кырдаалдар адиси Э.Б Асылбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл обулустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |