Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 34
Жайытты баалоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Ж Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып талкуулап, айтылган сунуш,пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй
Токтом кылат
1. Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана келген инвестицияга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Рыскелдиев К - төрагасы, жайыт комитетинин төрагасы.
Амурова М - жайыт комитетинин эсепчиси
Жумабаев М - жер иштери ж\а айыл чарба адиси
Исмаилов А - айыл Кеӊешинин депутаты
Өмүрмолдоев Б - айыл кеӊешинин депутаты.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К.Ж Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына айыл чарбасы,көрктөндүрүү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы көзөмөл кылсын.
4. Токтом ММКна жарыялансын,Ысык-көл обулустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Т Исмаилов |