Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-майы № 35
«Жарк-аква» ишканасына эксковатор сатып алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүш-техникалык муктаждыктарын канааттандыруу, аларга техникалык колдоо көрсөтүү,айыл аймагынын тазалыгын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу,жаӊы киреше булактарын ишке киргизүү боюнча Абдрахманов айыл аймагынын башчысы У С Апсатаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Абдрахманов айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесине таянып «Жарк-аква» ишканасына «Амкадор ЕВ» эксковаторун алууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.
3.Токтом райондук ММКга жарыялансын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т Б Исмаилов |