Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-майы № 37
«Өрт кырсыгынан жабыр тарткандардын үй бүлөөсүнө жардам берүү жөнүндө»
Абдрахманов айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Апсатаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айтылган сунуштарды эске алып Абдрахманов айыл Кеӊеши төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1.Ананьево айылындагы газ куюучу жайдан өрт чыгып,өрттөн алган жаракатынын негизинде каза болгон Жаркынбаев айылынын тургуну Бейшекеев Абдыбек Асанбековичтин үй бүлөөсүнө жардам иретинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5 (миӊ) сом акча каражаты каралсын.
2.ФЭБ башчысы К.А.Исабаев тиешелүү финансы булактарынан акча каражатын караштырсын.
3.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет,инвестиция тартуу жана тартип,укук комиссиясы көзөмөл кылсын.
4.Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл обулустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.Б.Исмаилов |