Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 41
АБЗнын жанынан жер тилкесин берүү жөнүндө
1.Абдрахманов айыл Кеӊешинин XXVVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча депутат Б.Өмүрмолдоевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1. Жеке ишкерчилик кылуу үчүн АБЗнын жанынан Т.Т.Молдокалиевге шагыл туураган кичи цех орнотууга жер тилкесин бөлүп берүү жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер тилкесин алуу үчүн райондук тийиштүү мекемелерден уруксаат алууга документтерин даярдоо жагы Т.Т.Молдокалиевдин өзүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жерге жайгаштыруу адиси М.Жумабаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок,жаштар иштери боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Токтом райондук ММКна жарыялансын. Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |