Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 42
Кара-Моло жана Байшуу жер тилкесиндеги арендага берилген жерлер тактоо жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча депутат Б.Өмүрмолдоевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Моло жер тилкесиндеги «Кайра бөлүштүрүү фондунун» арендага берилген жерлери жер комиссиясы тарабынан кайра ченелип,арендаторлору ким,канча жер арендага берилгени жана кимдерге үлүш жерлер мыйзамдуу берилгени такталып чыксын.
2. Байшуу жер тилкесиндеги «Кайра бөлүштүрүү фондунун» арендага берилген 11га жери мөөнөтү бүткөндө, айылдын аз камсыз үй бүлөөлөрүнө 2.0 гектардан арендага конкурс аркылуу берилсин.
.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун атарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок,жаштар иштери комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |