Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 43
Айыл тургундарына чарбалык маанидеги жол ачып берүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл тургундарынын билдирүүсүн угуп талкуулап,айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаркынбаев айылынын тургундары: Р.Абдыкеев, М.Курманбаев, У.Апсатаров, А.Усубакунов чарбалык маанидеги жол үчүн атайы бөлүнүп,калтырылган жерлерди огород кылып тозуп алгандыгына байланыштуу,жер комиссиясы ал жерлерди тактап,айыл тургундарына чарбалык мааниде пайдаланып өтүү үчүн жол ачып берсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок.жаштар иштер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов. |