Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5 – июну № 44
Жээктеги жайыт жердерди мыйзамсыз ээлеп алгандардан,жайытты кайтарып алуу жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча депутат Т.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээктеги мыйзамсыз ээлеп алган жана мурда арендага берилген жайыттар эки тараптардын макулдашуусу менен кайтарылып алынсын.
2. Жээктеги кайтарылып алынган жерлер айыл өкмөтүнүн жалпы жайыты катары саан уйларды кайтарууга берилсин.
3. Кайтарылып алынган жайыт жерлеринин налогун жана аренда акысын мал ээлери төлөсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Апсатаровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок жана жаштар иштери комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |