Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 45
«Ийгилик» бирикмесинин печатын жана ишеним каттарын жокко чыгаруу жөнүндө»
Айыл Кеӊешинин XXVII – чакырылышынын кезексиз VI –сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча депутат А.Исмаиловдун сөзүн угуп,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1.«Ийгилик» бирикмесинин печаты менен бекитилип, Молдокалиев Бекбосун Токтосуновичтин наамына берилген «Ишеним кат» аркылуу Молдокалиев Бекбосун Токтосунович чечим чыгарып, менчикке чыгарып берген айыл өкмөтүнө тиешелүү жерлердин жана кашарлардын документтери жер комиссиясы тарабынан текшерилсин.
2.»Ийгилик» бирикмеси Молдокалиев Бекбосун Токтосуновичтин атына Ишеним кат берүүнү токтотууну тиешелүү мекемелерден суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.С. Апсатаровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок жана жаштар иштери боюнча комиссияга тапшырылсын.
4.Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |