Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 46
Шагыл алуучу жерди көзөмөлгө алуу жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча депутат А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаркынбаев айылындагы кум-шагыл алуучу жерди башка жактарга ташып чыкпашы үчүн,ал жерге шлагбаум орнотуп, Шамбетов Болот көзөмөлдөп турсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы У. Апсатаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,соц блок жана жаштар иштери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов. |