Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 48
Кароол-Дөбө айылындагы мечитти оӊдоп түзөө боюнча инвестиция тартуу жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча У.С. Апсатаровдун билдирүүсүн угуп,талкуулап айтылган сунуш, пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кароол-Дөбө айылындагы мечиттин: даараткана, гусулкана, имам бөлмөсү, аялдар бөлмөсү. даваатчылар бөлмөсү жана ушул сыяктуу оӊдоолор жана сырткы кашааларын жаӊыртуу иштерине көмөктөшүүгө инвестиция издештирип, аны тартууга айыл өкмөт башчысы У.С.Апсатаровго жүктөлсүн.
2.Токтомдун аткарылышына финансы, бюджет, инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл жүргрүзсүн.
3.Токтом райондук ММКна жарыялансын, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн
Төрага | Т. Б. Исмаилов |