Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 49
Футбол аянтчасын курууга көмөктөшүүгө инвестиция издештирүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Апсатаровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап айтылган сунуш пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаркынбаев жана Кароол-Дөбө айылдарына кичи футбол аянтчасын курууга көмөктөшүүгө инвестиция издештирип, аны тартуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Апсатаровго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышына финансы, бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.
3. Токтом райондук ММКна жарыялансын, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т. Б. Исмаилов.
|