Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 50
Материалдык жардам көрсөтүп туруу жөнүндө
Айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын күн тартибинде коюулган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн соц.адиси: А.Ботбаеванын билдирүүсүн угуп,талкууап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн: Аз камсыз көп балалуу үй-бүлөөлөргө жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүп туруу
- Аз камсыз үй-бүлөөлөрдүн мектепте окуган балдарын ар кандай мелдештерге керек болгон учурда транспорттук чыгымдарын жарым-жартылай төлөп берүү
- Жайкы каникул учурунда аз камсыз үй-бүлөөлөрдүн балдарын лагерге барууга жол акысын төлөп берүү жөнүндө муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы К.Исабаев жогорудагы кызмат көрсөтүүлөргө бюджеттен акча каражат караштырсын
3. Токтомдун аткарылышына финансы, бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.
4. Токтом райондук ММКна жарыялансын, Облустук юстиция башкармалыгынан катоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.Б.Исмаилов.
|