Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 4
«Кызыл-Туу айылынын тургуну Д.Ибраимовго «Кемесия» өрөөнүндөгү «Таш-Короо» участкасындагы курулуш куруу үчүн чыгарылган Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы №23 токтомун жокко чыгаруу тууралуу»
Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Д.Ибраимовго «Кемесия» өрөөнүндөгү «Таш-Короо» участкасындагы курулуш куруу үчүн чыгарылган Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 23 токтомун жокко чыгаруу тууралуу талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 23 токтому менен айыл өкмөттүн жер жана турак-жай комиссиясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы №22 чечимине ылайык Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Д.Ибраимовго «Кемесия» өрөөнүндөгү «Таш-Короо» участкасындагы № 53 контурунун ичиндеги эски жер тамдын ордуна 0,10га курулуш куру үчүн берилген жер аянты таштак жайыт жери болуп трансформация болбогондуктанжана бул маселе боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 2017-жылдын 27-июлундагы №11-329-17 каршылык билдирүүсүнө ылайык Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Д.Ибраимовго «Кемесия» өрөөнүндөгү «Таш-Короо» участкасындагы курулуш куру үчүн чыгарылган Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 23 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов
|