Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 1
«Жайыт комитетинин төрагасы Бегалиев Койчубек жайыт комитетинин ишин өз деңгээлинде алып бара албагандыгына байланыштуу кызматынан бошотуу жөнүндө»
Кара-Коюн айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын ишин карап талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Бегалиев Койчубек жайыт комитетинин ишин өз деңгээлинде алып бара албагандыгы райондон, айылдык Кеңештен жана Жайыт пайдалануучулар кеңешинен буга чейин көптөгөн эскертүүлөрдү алгандыгына карабастан бул тармакта жылыш жок болбогондугуна байланыштуу кызматынан бошотулсун.
2.Айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасынын орун басары Ш.Апысовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт пайдалануучулар Кеңешине тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов
|