ТоктомКүчүндө

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2017-жылдын 23-июнундагы № 13 «Айып акы салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 23-июну № 13

 “Айып акы салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”

 Май айыл аймагына караштуу муниципалдык менчикте катталган “Маданий борборуна” калктуу конуштардын малдары кирип, тал-теректерге көп зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу айып акылардын салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү боюнча Май айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап

токтом кылат:

Муниципалдык менчикте катталган “Маданий борборуна” малдардын кирүүсү катталса, айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:

 - Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 3000 сом;

 - Кой-эчкиге (козу-улак )үчүн - 500 сом.

 Май айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерине коӊшуу айылдардын малдары кирип жайылса айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:

 - Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 1000 сом;

 - Кой-эчкиге (козу-улак ) үчүн - 300 сом.

 3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Май айыл өкмөт башчысына

 (К.Рыскулов ) тапшырылсын;

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Май айылдык кеңешинин

 агрардык комиссиясынын төрагасына (Т.Рыскуловго) милдеттендирилсин.

 

Төрага

И. Өзүбеков