ТоктомКүчүндө

Май айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-июнундагы № 14 «Тал-теректерди кыюу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 23-июну № 14

«Тал-теректерди кыюу  жөнүндө»

         Өзгөчө кырдаал мезгилинде болгон катуу шамалдан муниципалдык менчикте катталган «Маданий борборундагы» тал-теректтер кулагандыгына байланыштуу Май  айылдык кеңеши

токтом кылат:                                              

1.Өзгөчө кырдаал мезгилинде болгон катуу шамалдан муниципалдык менчикте катталган «Маданий борборундагы» тал-теректтер төмөнкү баада сатылсын:

Жоон теректер -1000 сом

Жоондон ичкерээк  теректер -700 сом

Орто теректер – 500 сом

Майда теректер -300 сом

2.Сатылган тал-теректерди максаттуу пайдалануу айылдык аймактык комиссиясынын чечими менен жүргүзүлсүн;

3.Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы айыл башчысы (Е.Мамырбаев ) тапшырылсын;

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Өзүбеков