Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-августу № 61 /12-7
“Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун Уставы жана 14.07.2017-жылдагы жалпы чогулуш-конференциясынын №1 протолдук чечимине ылайык, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы кызматына Маймурунов Ормошбек Зарылканович бекитилсин.
2. Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун Уставынын 17-пунктунун негизинде курамы үч адамдан турган текшерүү комиссиясы бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
төрагасы | М. Есенкулов |