Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-августу № 63 /12-7
“Э. Кутманалиев атындагы стадиондун иштөө тартиби жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 03.08.2017-жылдагы № 12 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы муниципалдык стадиондун экологиялык жандуу оюн талаасын жана материалдык – базалык абалын көзөмөлгө алып, сактоо максатында ал жерге жеке жана мекеме ишканалар тарабынан уюштурулган ар кандай спорттук оюндарды, машыгууларды өткөрүүгө тыюу салуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Э.Кутманалиев атындагы муниципалдык стадиондо (Б.Карабеков) расмий иш чаралардан сырткары жеке жана мекеме ишканалар тарабынан уюштурулган ар кандай спорттук оюндарды, машыгууларды өткөрүүгө тыюу салынсын.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жана муниципалдык обьектилердин ижара келишимдери боюнча мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисине (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
төрага | М. Есенкулов
|