Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-августу № 64 /12-7
“Талас шаардык жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негиздери мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын №7,8 протоколдук сунуштарынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин № 35/7-7 сандуу “2016- жылдын жыйынтыгы менен
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан
жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Талас облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуудан үнөмдөлгөн суммасынын эсебинен 100,0 мин сом акча каражаты Таластагы “ Көк-сай” чек ара заставасына ремонт иштерин жүргүзүү жана “Көк- Кыя” чек ара постуна күн нуру менен жарыктандыруучу каражат сатып алуу үчүн бөлүнүп, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Токтомдун 12- катарындагы, Талас шаарынын “Башкы таза суу топтоочу” жайынын өзгөчө кайтаруу жагын камсыздоо үчүн бөлүнгөн 300,0 мин сомдун эсебинен;
-Талас шаардык мэриясынын имаратында жүргүзүлүп жаткан ондоп түзөө иштери үчүн кошумча 212 723 (эки жүз он эки мин жети жүз жыйырма үч) сом акча каражаты бөлүнүп, Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Калган 87 277(сексен жети миң эки жүз жетимиш жети) сомго Талас облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуудан үнөмдөлгөн 9,0 мин сом акча каражатын кошуп, Талас шаардык кеңешинин сессияларынын стеннограммаларын жазууда техникалык базасын чындоо жана офисттик эмеректерди сатып алуу үчүн жалпы 96 277 сом каражаты бөлүнүп, Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Токтомду Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
төрага | М. Есенкулов
|